• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Садыр Жапаров Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөштү

Президент 0

Бишкек, 10.07.23. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматы билдирет.

Садыр Жапаров Шавкат Мирзиёевди болуп өткөн президенттик шайлоодогу ишенимдүү жеңиши менен дагы бир жолу жылуу куттуктап, анын жеңиши - боордош өзбек элинин ишениминин маанилүү көрсөткүчү экенин белгиледи. Өлкөнүн социалдык-экономикалык өсүшүн камсыз кылууга багытталган анын саясий багытын өлкө эли колдой турганын шайлоонун жыйынтыгы тастыктады.

Садыр Жапаров Шавкат Мирзиёевдин ишмердиги мындан ары да боордош Өзбекстандын өнүгүшүнө жана анын элинин бакубаттуулугун жогорулатууга өбөлгө болот деген ишенимин билдирди.

Өлкө лидерлери ошондой эле кыргыз-өзбек эки тараптуу кызматташтыгынын келечегин, регионалдык өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий