• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Кыргызстандын 11 жараны Кытайдын университеттерине кабыл алынды – ысымдары

Билим 0

Бишкек, 10.07.23. /Кабар/. 2023-2024-окуу жылына карата Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн стипендиялары программасы боюнча Кыргызстандын 11 жараны Кытайдын университеттерине кабыл алынды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Алар:

  1. Шоола Сапарбаева – Цзинань университети (Jinan University);
  2. Алия Ниязова – Пекин тил жана маданият университети (Beijing Language and Culture University);
  3. Алтынай Атагелдинова – Сунь Ят-сен университети (Sun Yat-sen University);
  4. Баянсулуу Байышева – Шанхай чет тилдер университети (Shanghai International Studies University);
  5. Саадат Дөөлөтбекова – Шанхай чет тилдер университети (Shanghai International Studies University);
  6. Венера Дайырбекова – Сиань Цзяотун университети (Xi'an Jiaotong University);
  7. Екатерина Дроздова – Фудань университети (Fudan University);
  8. IAN KHUNG DZHUI – Сиань Цзяотун университети (Xi'an Jiaotong University);
  9. Нуржигит Хабилидин уулу – Цинхуа университети (Tsinghua University);
  10. Нурзида Келгенбаева – Пекин тил жана маданият университети ( Beijing Language and Gulture University);
  11. Нурай Кубанычбекова – Пекин тил жана маданият университети ( Beijing Language and Gulture University);

Буга чейин 2023-2024-окуу жылына карата ШКУнун Стипендиясы программасынын алкагында Кытай Эл Республикасынын жогорку окуу жайларына 10 кыргызстандык кабыл алынган, тизме министрликтин https://edu.gov.kg/posts/1876/ сайтына жарыяланган.

Белгилей кетсек, Кытай Эл Республикасынын билим берүү фондун башкаруу боюнча мамлекеттик комитети тарабынан Кыргыз Республикасынын жарандарына 2023-2024-окуу жылына бакалавр, магистратура, докторантура жана тил такшалмасы боюнча 23 мамлекеттик стипендия бөлүнгөн (ШКУ Макулдашуу боюнча - 12 орун, ведомстволор аралык Макулдашуу боюнча - 11 орун).

Пикир

Оставить комментарий