• 86.5
  • 90.34
  • 0.85

Садыр Жапаров ШКУ саммитине катышуу үчүн Өзбекстанга учуп кетти – коштоп кеткендер

Президент 0

Бишкек, 14.09.22. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 14-сентябрда, Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин жыйынына катышуу үчүн иш сапары менен Өзбекстан Республикасынын Самарканд шаарына учуп кетти. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Саммиттин аянтчасында мамлекет башчысы жогорку деңгээлдеги бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамында:

– тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;
– Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;
– Кыргызстандын Өзбекстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Муса Жаманбаев;
– транспорт жана коммуникация министри Эркинбек Осоев;
– экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев.

Белгилей кетсек, ШКУ саммити Өзбекстан Республикасынын төрагалыгы алдында өтөт.

Пикир

Оставить комментарий