• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Садыр Жапаров Токтогул районунда Кайнама чакан ГЭСин ачты

Президент 0

Бишкек, 22.07.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-июлда, Жалал-Абад облусуна жасаган жумуш сапарынын жүрүшүндө Кайнама0 0чакан гидроэлектростанциясын (ГЭС) ачты.

Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда орун алган Кайнама ААК чакан ГЭСинин курулушу 2023-жылдын ноябрында башталган. 2024-жылы кубаттуулугу 9,6 МВт болгон эки гидроагрегаты бар гидроэлектростанциянын курулушу аяктады.

Мамлекет башчысы жергиликтүү тургундарды ГЭСтин ачылышы менен куттуктап, бул окуянын өлкөнүн энергетика тармагындагы жетишкендик катары маанисин баса белгиледи. Көптөн бери улуттук экономиканын негизги көйгөйлөрүнүн бири болуп келген энергетика проблемасы эми жаңы энергетикалык объектилерди ишке киргизүү менен өз чечимин табууда.

Президент өлкөдөгү энергетикалык көйгөйлөрдү чечүүнүн артыкчылыктуу багыты ГЭСтерди куруу экенин айтты. Бул контекстте Садыр Жапаров бизнесмендерди жана инвесторлорду бул демилгени колдоого жана бул тармактагы долбоорлорду ишке ашырууга активдүү катышууга чакырды.

Мамлекет башчысы ГЭСтер каскадын курууга жумшалган 9 млн 307 миң АКШ доллар инвестициялык каражат жөнүндө айтып берди. Бул суммага “Raffaisen Landesbank Steiermark” банкынын жана Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун салымдары кирет. Ал “Кайнама” чакан ГЭСи аймактын экономикалык өнүгүүсүнө олуттуу салым кошо турган Токтогул районунун ири салык төлөөчүлөрүнүн бири болорун белгиледи.

Президент Кайнаманын жалпы кубаттуулугу 9,6 МВатты түзүп, жылына 39,2 млн киловат/саат энергияны иштеп чыгарын айта кетти. Бул электр энергиясы менен Үч-Терек айыл өкмөтүнүн жана Кара-Көл шаарынын бир бөлүгүнүн жашоочуларынын муктаждыгы канааттандырылат.

Садыр Жапаров өз сөзүндө өлкөнүн Кайнама чакан ГЭСине окшогон көптөгөн гидроэлектростанцияларды куруу жана ишке киргизүү үчүн потенциалы бар экенине токтолду. Ошондой эле Орто-Токой жана Папан суу сактагычтарында ушул сыяктуу долбоорлорду ишке ашыруу боюнча келишимдерге кол коюлганын белгиледи.

Мындан тышкары, Садыр Жапаров өлкөнүн энергетика жаатындагы адистери бара-бара такшалып, мол тажрыйба топтоп, бардык жарандарды туруктуу энергия менен камсыздап жатканын кошумчалады.

Ушул эле жерде президент Садыр Жапаров жергиликтүү эл менен баарлашып, аларды кызыктырган суроолорго жооп берди, тактап айтканда, Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу көп кабаттуу үйлөрдүн курулушу айылдарда да жүргүзүлүп жатканын айтып өттү. Муну менен жергиликтүү тургундардын жашоо шарты жакшырып, айдоо жерлери сакталып калат.

Пикир

Оставить комментарий