• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жапаров Пакистандын премьерине жер титирөөнүн курмандыктарына байланыштуу көңүл айтты

Президент 0

Бишкек, 21.10.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров Пакистан Ислам Республикасынын премьер-министри Имран Ханга жер титирөө учурунда адамдардын курман болгондугуна байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

«Белуджистан провинциясынын Харнай районундагы катуу жер титирөөнүн кесепетинен адамдардын каза болгондугу жөнүндө суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан табигый кырсыктан курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айтуу менен жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалайм», - деп айтылат мамлекет башчысынын телеграммасында.

Пикир

Оставить комментарий