• 87.45
  • 90.04
  • 0.85

Садыр Жапаров учактарга авиакеросиндин ордуна альтернативдүү варианттарды колдонуу зарылдыгын айтты

Президент 0

Бишкек, 07.12.24. /Кабар/. Учак чыгарган өлкөлөр дүйнөлүк климаттык фонд менен биргеликте авиакеросин менен эмес, балким күн нурунан кубатталчу же электр кубаттагычы менен уча турган альтернативдүү варианттарды колдонууга өтүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнүн үстүндө иш алып баруу зарыл деп эсептейм. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Мамлекет башчысы белгилегендей, мөңгүлөрдүн активдүү ээришине учактардан бөлүнгөн уулуу калдыктар да таасир этип жатат.

"Мен дүйнөлүк климаттын өзгөрүүсүнө байланышкан эл аралык иш-чараларда ар дайым мөңгүлөрдү сактоого чакырып келем. Ошол эле Глазгодо өткөн Глобалдык саммитте, Дубайдагы COP-28 жана Бакудагы COP-29да, БУУнун жогорку трибунасынан дагы мөңгүлөрдү сактоо керектигин белгилегенимди билесиздер. Кореяга болгон расмий сапарымда да бул сөздөрдү айттым.

Анан Кореядан учакта келе жатканда бир көрүнүшкө туш болуп, телефонума тартып койдум. Бул жаныбызда учуп бараткан учактан бөлүнүп чыккан керосиндин калдыктары. Капкара түтүн тоолордун чокуларына, мөңгүлөргө конууда. Ооба, биз бараткан учактан деле ушундай уулуу калдыктар тарап, мөңгүлөрдүн үстүнө түшүүдө.

Муну менен климаттын өзгөрүүсүнө, дүйнө жүзү боюнча мөңгүлөрдүн кыскарышына бардыгы эле айтып келгендей завод, фабрика же эски унаалардан чыккан газдар эле эмес, учактар да катуу таасир этерине көңүлүңөрдү бургум келет", - деди өлкө башчысы.

Президенттин айтымында, бир топ өлкөлөр бак-дарактарды тигип, эски унааларга чектөө киргизип, аракет көрүшүүдө. Мисалы Кыргызстан жыл сайын тоо боорлоруна 7-8 млн көчөт отургузууда.

Садыр Жапаров белгилегендей, бирок учактардан абага чыккан зыяндуу калдыктарды кескин азайтуунун үстүндө иш алып барылбаса, башка аракеттер сезилерлик болбойт.

"Учууларга байкоо салган дүйнөлүк сервис FlightRadar24 маалыматына ылайык, 2023-жылдын 19-июлунда бир суткада учактар 253 328 жолу абага көтөрүлгөн.

Ал эми 2024-жылы 19-июлда бир сутка ичинде 275 690 учуу катталган. Бул 2023-жылга салыштырмалуу 22 362 учууга көп.

Мисалы, сентябрда Нью-Йоркто өткөн БУУнун Башкы ассамблеясынын иш-чарасына Airbus A320 (бул орточо көлөмдөгү жана дүйнө жүзүндө кеңири тараган учактардын бири) учагы менен барып келдик.

88 тонна 459 кг авиа керосин куюлуп анын 70 тонна 763 кг сарпталды. Ал жака барып кайра Бишкекке кайткан аралык 22 948 км түздү. Барып келгенге кеткен убакыт 28 саат 23 мүнөт. Бул аралыкта 3 тонна 323 кг СО2 (уулуу көмүр кычкыл газы) атмосферага чыгарылган.

Эми элестеткиле бир учак эле бир суткадан бир аз ашык убакытта үч жарым тоннага жакын уулуу калдыктарды абага чачып жатса, суткасына дүйнө жүзү боюнча орточо 200 миң учак көтөрүлгөндө канчалаган уулуу калдыктарды чачып жатат?

Дүйнө жүзү боюнча 2023-жылы 312 млн тонна, 2024-жылы 335 млн тонна авиакеросин сарпталган.

Тонналаган уулуу калдыктар тоолорго, мөңгүлөргө барып түшүүдө да. Ошондуктан дүйнөлүк коомчулукту, айрыкча триллиондогон доллар акча каражаттарын климатты сактоого деп которуп жаткан бай мамлекеттерди бир гана жашылдандырууга эмес, учактардан бөлүнгөн уулуу калдыктарды азайтуу багытында иш алып барууга чакырат элем", - деп белгиледи президент.

Мындан тышкары, Садыр Жапаров дүйнө жүзү боюнча согуштарга, конфликттерге эмне деген эбегейсиз, сан жеткис суммадагы долларлар курал-жарактарга сарпталып жатканын айтып, ушул каражаттарды учактар климатка терс таасир этпегидей кылууга жумшалса болмок деген пикирин билдирди.

"Ошондуктан учак чыгарган өлкөлөр дүйнөлүк климаттык фонд менен биргеликте авиакеросин менен эмес, балким күн нурунан кубатталчу же электр кубаттагычы менен уча турган альтернативдүү варианттарды колдонууга өтүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнүн үстүндө иш алып баруу зарыл деп эсептейм", - деди президент.

Пикир

Оставить комментарий