• 87.6
  • 93.91
  • 0.99

Садыр Жапаров Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү

Президент 0

Бишкек, 15.06.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 15-июнда, Россиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагында кызматташууну тереңдетүү маселелери, ошондой эле Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы эки тараптуу мамилелерди мындан ары өнүктүрүүнүн келечеги талкууланды.

Президенттер аймактык жана эл аралык күн тартибинин актуалдуу маселелери боюнча пикир алышты.

Пикир

Оставить комментарий