Кыргызстандын саясий айдыңында маанилүү окуя болду. Күн мурун президент Садыр Жапаров Россияга биринчи чет элдик иш сапары менен барды.
"Президенттин иш сапары стратегиялык мааниге ээ болгонун моюнга алышыбыз керек. СССРдин курамында болгон ар бир республикасы үчүн Россия негизги өнөктөш жана союздаш бойдон калууда. Кыргызстан менен коңшу өлкөлөрдүн мамилелери Россия менен түзүлгөн мамилеге байланыштуу. Кыргызстан бир нече саясий кризисти башынан өткөрүп, бүтүндүгүн сактап кала алды. Бул аспектилерге ар дайым сырттан көңүл бурулат. Россия үчүн Кыргызстандагы стабилдүүлүк жана ички көйгөйлөрүн өз алдынча чечүүсү өтө маанилүү", - деди саясат таануучу Марк Антонов.
Теманы утурлай президент Садыр Жапаров 24-25-февралда биринчи чет элдик иш сапары менен Россияга барды.
Садыр Жапаров иш сапарын алгач Россиянын президенти Владимир Путин менен жолугушуу менен баштады. Мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу багыттарын, эки тарап тең кызыкдар болгон бардык маселелер боюнча биргелешип иш алып баруунун келечегин талкуулашты. Садыр Жапаров Кыргызстан Россия менен кызматташууга ар дайым даяр экенин айтып, Владимир Путинди Кыргызстанга расмий иш сапар менен келип кетүүгө чакырды.
Мекендештер менен болгон жолугушууда Садыр Жапаров алардын актуалдуу маселелерин чечүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер, Россиянын билим берүү мекемелеринде окуп жаткан студенттерге мамлекеттик колдоо жана башкалар жөнүндө айтып, мекендештерди кызыктырган суроолорго жооп берди.
"Россияга болгон иш сапар маанилүү болду. Биринчиден Кыргызстандын президенти үчүн. Алгач, мамлекет башчы катары таанылышы керек. Экинчиден жаңы бийлик өзүнүн кызыкчылыгы үчүн эмес, Россиянын өнөктөш катары көрсөтүп, мындан ары биргеликте иштөөгө даяр экендигин көрсөтүү. Мекендештер менен жолугушуу да маанилүү. Кыргызстан элине эмгекке жагымдуу шарт түзүүгө даяр экендигин көрсөтүш керек. Миграциянын саны акыркы жылдары төмөндөгөнү менен мигранттардын агымы азайган жок. Бул көйгөй жогорку деңгээлде көп жылдан бери чечиле элек", - деди Антонов.
Эксперттин айтымында, Кыргызстан токтоосуз жумушчу орундарды түзүп, жарандардын чет жакка иштөөгө кетүүсүн азайтуу керек.
"Россияга ар кандай себептер менен кеткен жарандарды колдоо керек. Алар өзүнүн мекенге керек экендигин сезишин камсыздоо маанилүү. Садыр Жапаров элди бириктирүүгө жаңы механизмди түзүүгө аракет кылууда", - деп айтат саясат таануучу.
Садыр Жапаров мекендештери менен жолугушууда мамлекеттин негизги милдеттеринин бири чет өлкөдө иштеп жүргөн жарандардын кызыкчылыктарын коргоо жана ар тараптуу колдоо болушу керектигине токтолуп, бул багытта ишти күчөтүү зарылдыгын баса белгиледи. Буга байланыштуу, эң биринчилерден болуп "Миграциялык кырдаалды жакшыртууга багытталган чараларды кабыл алуу жөнүндө" жарлыкка кол коюлганын билдирди. Ошондой эле Садыр Жапаров ЕАЭБге мүчө мамлекеттерде эмгектенгендердин пенсиясы жөнүндө макулдашуу 2021-жылдын 1-январында күчүнө киргендигин жана 2022-жылдын январынан тарта Россияда жүргөндөр пенсияга чыгуу үчүн арыз берсе боло тургандыгын маалымдады. Аны менен бирге, президент ЕАЭБдин башка өлкөлөрүндө эмгек стажы дагы эске алынарын, Биримдиктеги өлкөлөрдүн ортосунда документтердин жана сертификаттардын тутуму интеграцияланып жаткандыгын баса белгиледи.
"Менин максатым — элибиздин көйгөйлөрүн чечүү, Кыргызстандын бардык жарандарын жумуш орундары менен камсыздап, татыктуу жашоого алып келүү, ошондой эле чет өлкөлөрдө иштеп жүргөн мекендештердин Мекенге кайтып келүүсү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү", - деп белгиледи президент Жапаров.
Ошол эле күнү Садыр Жапаров Татарстан Республикасынын башчысы Рустам Минниханов менен жолукту. Жолугушууда кыргыз-татар эки тараптуу байланыштарынын келечеги жөнүндө пикир алмашуу болду.
Президенттин иш сапарынын экинчи күнүнүн күн тартиби да тыгыз болду.
Мамлекет башчысы Россиянын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин, өкмөттүн төрагасы Михаил Мишустин, Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко, ошондой эле Россиянын ири бизнес өкүлдөрү менен жолугушту.
Саясий баяндамачы Евгений Донченконун айтымында, бүгүнкү күндө Кыргызстан үчүн Россия менен алака түзүү маанилүү.
"Буга чейин эле алака түзүлгөн, бирок потенциалдын баары ишке ашкан эмес. Ушул багыт боюнча иш алып баруу керек. Пандемиядан улам өзгөчө мааниге ээ болгон эки өлкөнүн кайчылаш жылынын алкагында иш-чаралар токтоп калды. Аткарылбай калган иштер алдыда ишке ашат деп ишенели. Бирок Россия менен Кыргызстандын ортосунда түзүлгөн келишимдер бар, анын катарында гидроэнергетика тармагы. Андыктан кызматташууну өнүктүрүп, коюлган максаттарды ишке ашыруу керек", - дейт Донченко.
Мамлекет башчысынын иш сапарынын алкагында эки тараптын тиешелүү министрликтеринин жетекчилери төмөнкү документтерге кол коюшту:
— Кыргыз Республикасынын өкмөтү менен Россия Федерациясынын өкмөтүнүн ортосундагы эл аралык маалымат коопсуздугун камсыз кылуу жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
— Кыргыз Республикасынын өкмөтү менен Россия Федерациясынын өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасында товарларды идентификациялоо каражаттары менен маркирлөө тутумун түзүү максатында РФ тарабынан КРга кайтарымсыз техникалык жардам көрсөтүү жөнүндө макулдашуу;
— Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги менен Россия Федерациясынын Коргоо министрлигинин ортосунда Кыргыз Республикасынын аймагында учкучсуз учуучу аппараттарды колдонуу жаатындагы протокол;
— Коргоо ведомстволорунун башчыларынын ортосунда 2021-жылдан 2025-жылга чейинки мезгилде Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын аскердик чөйрөдө стратегиялык өнөктөштүгүн өнүктүрүү программасы;
— Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги менен Россия Федерациясынын Айыл чарба министрлигинин ортосунда айыл чарба продукцияларын жеткирүү жаатында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандум.
Аталган иш сапар Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы өнүгүп келе жаткан мамилеге, кызматташууга кошумча импульс берүүсү керек.
"Кабар" МАБ
Пикир
Оставить комментарий