• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Таш-Көмүр шаарында эми ар жекшемби азык-түлүк жарманкеси өтөт

Аймак 0

Бишкек, 26.02.21. /Кабар/. Таш-Көмүр шаарында 28-февралда азык-түлүк продукцияларынын жарманкеси болот. Бул тууралуу өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жарманке аптанын ар жекшемби күндөрү Таш-Көмүр шаарынын маданият үйүнүн алдында, ал эми бейшемби күндөрү Шамалды-Сай шаарчасынын Ленин көчөсү 30А аймактык башкармалыктын имаратынын жанында саат 10:00дөн 16:00гө чейин жайылат.

Жарманкеде арзандатылган баада азык-түлүк продукцияларын сатып алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий