• 87.7
  • 95.02
  • 0.97

Саясат таануучу Бакыт Бакетаев президенттикке талапкер болду

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 04.11.20. /Кабар/. Бүгүн, 4-октябрь күнү саясат таануучу Бакыт Бакетаев президенттик шайлоого катышуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына арыз тапшырды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.

Бакетаев 1958-жылы 10-март күнү төрөлгөн, “Апрель” коомдук бирикмесинин төрагасы.

Эскерте кетсек, алдыдагы президенттик шайлоого катышуу ниетин билдирип 5 талапкер - Адахан Мадумаров, Арстанбек Абдылдаев, Кубан Чороев, Назарбек Нышанов жана Бектур Асановдор Борбордук шайлоо комиссиясына арыз тапшырган.

Ошондой эле президенттик шайлоого катышарын өкмөт башчы Садыр Жапаров жана Жогорку Кеңештин төрагасы Канат Исаев билдирди. Бүгүн Канат Исаев Жогорку Кеңештин төрагалыгынан кетти.

Пикир

Оставить комментарий