• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Ош облусунун башчысы Абдураимов «CASA-1000» долбоорунун өкүлдөрүн кабыл алды

Аймак 0

Бишкек, 04.11.20. /Кабар/. Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жарасул Абдураимов «CASA-1000» долбоорунун өкүлдөрүн кабыл алды.

Өкүлчүлүктүн басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жолугушууда башталып жаткан долбоорлордун ишке ашуусу тууралуу сөз болду.

Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн макулдашуусу боюнча, элекр энергиясын экспортто максатында, азыркы кезде Кыргызстан, Тажикистан, Афганистан жана Пакистан мамлекеттеринин арасында, «CASA-1000» долбоору боюнча жумуштар ишке ашып жатат, анын ичинде Кыргызстанда узундугу 456 чаккырым болгон 500 кВ «Датка-Сугд» аба чубалгысынын курулушу боюнча чиймелер даярдалып айыл өкмөттөр менен макулдашылды.

«CASA-1000» долбоорун ишке ашыруу жөнүндө КР өкмөтүнүн 20.02.2020-жылдагы №105 токтомунун негизинде Ош жогорку чыңалуудагы электр тармактар ишканасы жогорудагы көрсөтүлгөн 500кВ тук аба чубалгысын куруу үчүн:

1.Кара-Суу шаар курулуш жана архитектура боюнча регионалдык башкармалыгы менен 4 456 738 сомго, узундугу 140 чакырым болгон М-1:2000 масштабда топографиялык-геодезиялык сүрөткө тартууга келишим түзүлүп, топографиялык-геодезиялык сүрөткө тартуу иштери аяктады.

2. Өзгөн, Кара-Суу, Араван, Ноокат районунун шаар курулуш жана архитектура боюнча регионалдык башкармалыктарынын башчыларына (ИТУ) Инженердик-Техникалык шарт даярдап берүү боюнча кат менен кайрылган жана азыркы учурда (ИТУ) инженердик-техникалык шарт даярдалып жатат.

3. Ош шаарынын, Өзгөн, Кара-Суу, Араван, Ноокат районунун мамлекеттик Кадастр ишканаларына жерлерди трансформациялоо боюнча кат менен кайрылган жана азыркы учурда жерлерди трансформациялоо үчүн иштер жүрүп жатат.

Бүгүнкү күндө эл аралык келишимдердин негизинде аткарылып жаткан жумуштардын мыйзамдуулугун камсыз кылуу жана мамлекеттик контролдоочу органдар тарабынан жумушту үзгүлтүккө учуратпоо үчүн долбоорго тийиштүү жер тилкелерин трансформациялоо маселесин тездетип берүү жагын Ош жогорку чыңалуу электр тармактар ишканасы (ПВЭС) суранууда.

Пикир

Оставить комментарий