• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Лейлекте милициянын көчмө кабылдамасы алыскы аймактарда эл менен жолугууда

Аймак 0

Бишкек. 11.12.23. /Кабар/. Лейлекте милициянын көчмө кабылдамасы алыскы аймактарды кыдырып, тургундар менен жолугушууда. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Лейлек РИИБдин Жаңы-Жер айылдык милиция бөлүмчөсүнүн башчысы салык кызматкери менен биргеликте милициянын көчмө кабылдамасы менен алыскы аймактарды кыдырып, эл менен жолугууда.

Алар Кең-Талаа айыл аймагындагы мурас айылына барып, базарда соода сатык менен алектенип жаткан коомчулук менен жолугуп, салык төлөөнүн мыйзамдуу жолдорун, ККМ аппараттарынын зарылчылыктарын кылмыштуулуктун алдын алуу багытында түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

Ошондой эле соода-сатык түйүндөрүндө жана базарларда жаңы-жылга карата пиротехникалык каражаттарды сатууга тыюу салынгандыгы боюнча сатуучуларга эскертүү берилди

Пикир

Оставить комментарий