• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

Саясий серепчи: Кытайдагы саммит Борбор Азия өлкөлөрү үчүн жаңы доор

Коом 0

Бишкек, 20.05.23. /Кабар/. Эксперт, саясат таануучу Бакыт Бакетаев "Кабар" агенттигине берген маегинде "Кытай + Борбор Азия" саммити БА өлкөлөрүнүн экономикасынын өнүгүүсүнө олуттуу салым кошорун айтты.

Анын айтымында, Сиань саммитинен кийин Борбор Азия, өзгөчө Кыргызстан чоң өзгөрүүлөргө дуушар болот.

"Биз үчүн жаңы доор ачылат. Саммит өтө турган жерлерде бир катар маанилүү документтерге жана макулдашууларга кол коюлду, алар Кыргызстандын экономикасына жакшы таасир этет", - деди ал.

Бакетаев ошондой эле саммит өлкөнүн бизнес чөйрөсүнө дагы оң таасирин тийгизерин кошумчалады.

"Кытай дүйнөдөгү экинчи экономика. Биздин өлкөлөр ортосунда өнөктөштүктү орнотуу жаңы эшиктерди жана мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Жаңы жумуш орундары пайда болот, курулуш буму башталат", - деди эксперт.

Сөзүнүн аягында Бакыт Бакетаев Кытай менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн жакындашуусу үчүнчү күчтөргө толугу менен жакпай калышы мүмкүн экенин баса белгиледи.

"Кээ бир күчтөр алысты көрө албаган саясатчылар жана биздин жарандар аркылуу өздөрүнүн ишке ашпай турган максаттарына жетүү үчүн бул процесстерге терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Ошондой эле саммиттин өзү биздин өлкөлөрдөгү туруктуулуктун жана бейпилдиктин кепилдиги экенин баса белгилей кетүү керек", - деп жыйынтыктады ал.

Пикир

Оставить комментарий