• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ысык-Көлдө медкызматкерлердин эмгек акысына мыйзамсыз үстөк кошуп эсептөө фактысы аныкталды

Коом 0

Бишкек, 20.05.23./Кабар/. Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Ысык-Көл облустук медициналык маалымат борборунун кызматкерлеринен мыйзамсыз жөлөк пул алуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан аталган медициналык маалымат борборунун жетекчисинин жана кызматкерлеринин эмгек акысына мыйзамсыз үстөк кошуп эсептөө фактылары аныкталды.

Алсак, аталган саламаттык сактоо уюмунун кызматкерлери КР Өкмөтүнүн "Оор жумуштарга жана эмгек шарттары зыяндуу же кооптуу жумуштарга кошумча акыларды белгилөө тартиби жөнүндө жобону жана өзгөчө эмгек шарттары бар иштердин (оор жумуштар, эмгектин зыяндуу, кооптуу жана башка өзгөчө шарттары бар жумуштар) түрлөрүнүн тизмегин бекитүү тууралуу өзгөчө климаттык шарттар менен иштөө)" туралуу 2015-жылдын 27-апрелиндеги № 258-токтомуна таянуу менен, зыян келтиргендиги үчүн эмгек акысынын 25% өлчөмүндө үстөк акы алышкан, бирок тиешелүү ченеми 2022-жылдын август айында күчүн жоготкон.

Мындан тышкары аталган мекеменин жетекчилиги КР өкмөтүнүн "Саламаттыкты сактоо кызматкерлерине эмгек акы төлөө жөнүндө" токтомуна таянып, эмгек акысын 5% өлчөмүндө үстөк акы алып турган, ал токтом 2022-жылдын мартында күчүн жоготкон.

Тергөөгө чейинки текшерүүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Ысык-Көл облустук медициналык маалымат борборунун жетекчиси жана кызматкерлери тарабынан келтирилген зыяндын орду толугу менен толтурулган.

Пикир

Оставить комментарий