Бишкек, 02.08.22. /Кабар/. Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө жакынкы бир сааттын аралыгында күн күркүрөп, катуу шамал болушу ыктымал. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эскертти.
Түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет. Буга байланыштуу министрлик шаардыктарды этият болууга чакырууда.
Кырсык катталган учурда "112" бирдиктүү номерине чалуу керек, байланыш акысыз жана күнү-түнү иштейт.
Пикир
Оставить комментарий