• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жер алдындагы өтмөктөр эс алуучу жерлерге айланат

Коом 0

Бишкек, 12-июль /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Бишкектеги жер алдындагы өтмөктөр жарандардын бош убакытларын өткөрүүчү кызыктуу жерлердин бирине айланат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги жыйында “Жаштар демилгесин өнүктүрүү фондунун” координатору Айгүль Жукеева билдирди.

Жер алдындагы өтмөктөр Октябрь райондук акимиаты жана “Сорос- Кыргызстан” фондунун колдоосу менен оңдолуп жатат. Реконструкция иштери ушул жылдын 1-июлунан тартып 8-10 –кичи райондордогу , Абдрахманов көчөсүндөгү жер алдындагы өтмөктөрдө башталган. Биринчи обьекти оңдоонун жалпы суммасы 10 миң долларга бааланган.

“Аталган долбоордун максаты шаар чөйрөсүндө маданиятты өнүктүрүү болуп саналат. Ал эми бул Бишкекте биринчи тажрыйба болуп эсептелет. Реконструкция иштери бүткөн соң, жер алдындагы өтмөктөр кадимки функциясынан тышкары жарандардын эс алуучу жайына айланат”,-дейт “Жарандык катышуу” программасынын координатору Елена Татаркова.

Оңдоо иштери ушул жылдын август айында соңуна чыгат. Ал эми кийинки эки ай аралыгында ал жакта ар кандай көңүл ачуучу иш чаралар өтүп турат.

“Жер алдындагы өтмөктөрдө атайын китептер орнотулат. Анда жарандар керектүү адабий чыгармалар менен алмашып тура алышат. Ошондой эле, ар кандай оюндарга жана эс алууга аянтча куруу пландалган. Мындан тышкары тазалыкты сактоо боюнча дагы чаралар көрүлөт. Бишкектин тургундары биздин эмгегибизди баалап, андагы буюмдарга этият мамиле жасайт деп ишенебиз”,-деп кошумчалады Жукеева.

Оңдоо иштери бүткөн соң жер алдындагы өтмөк Октябрь райондук администрациясына өткөрүлүп берет.

Пикир

Оставить комментарий