• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Сак болуңуз! Бишкек жана Чүйдө катуу шамал болушу күтүлөт

Коом 0

Бишкек, 17.09.24. /Кабар/. Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө жакынкы бир саат аралыгында жана күндүз катуу шамал болушу күтүлөт.

Кыргызгидромет кызматынан билдиришкендей, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет.

Урматтуу жарандар!

Катуу шамал учурунда электр чубалгыларынан, бак-дарактардан, жарнама калкандарынан алыс, коопсуз жайларда болуңуздар.

Кандайдыр бир кырдаалдын күбөсү болсоңуз токтоосуз 112 кызматына чалыңыз. Чалуу акысыз жана күнү-түнү кабыл алынат.

Пикир

Оставить комментарий