• 87.45
  • 90.6
  • 0.86

Саламаттык сактоо министри Бишкектеги кыргыз-түрк достугу ооруканасына барды

Коом 0

Бишкек, 13.12.24. /Кабар/. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев шаардагы Режеп Тайып Эрдоган атындагы Бишкек мамлекеттик кыргыз-түрк достугу ооруканасына барды.

Ведомстводон маалымдашкандай, жумушчу сапарынын алкагында ал оорукананын жетекчилиги менен жумушчу кеңешме өткөрүп, анда мекеменин базасында органдарды трансплантациялоону уюштуруу жана аны өнүктүрүү пландары талкууланды.

Талкуунун негизги темасы 2024-жылдын 5-ноябрында Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда кол коюлган макулдашууну ишке ашыруу боюнча мындан аркы кадамдар болду.

Бул макулдашуу медицина тармагында, анын ичинде кадрларды даярдоо, техникалык жабдуу жана органдарды трансплантациялоо боюнча операцияларды уюштуруу боюнча кызматташтыкты тереңдетүүгө негиз түзөт.

Пикир

Оставить комментарий