• 87
  • 90.41
  • 0.84

Алымкадыр Бейшеналиев ДССУнун Европа аймактык комитетинин сессиясына катышууда

Коом 0

Бишкек, 29.10.24. /Кабар/. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Европа аймактык комитетинин 74-сессиясына катышууда. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.

Сессияда саламаттык сактоонун негизги көйгөйлөрү жана артыкчылыктары талкууланууда.

Алымкадыр Бейшеналиев өз сөзүндө глобалдык чакырыктар шартында калк саламаттыгын чыңдоого жана саламаттык сактоо системаларынын туруктуулугун жогорулатууга багытталган тажрыйба алмашуу жана стратегияларды талкуулоо аянтчасы катары Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Европа аймактык комитетинин сессиясынын маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий