• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Кытайдан Бишкекке келе турган 120 автобус жолго чыгууга даяр – видео

Коом 0


Бишкек, 16.11.22. /Кабар/. Жакынкы күндөрү Кытайдан Бишкекке 120 газ кыймылдаткычтуу автобус келет. Жаңы транспортко борбор калаанын герби түшүрүлгөн.

Мэриянын эл аралык кызматташтык жана протокол бөлүмүнүн башчысы Беккул Жекшенкулов муниципалитет 1 млрд сомго сатып алган автобустар кандай экенин көрсөткөн видеону өзүнүн Twitter баракчасында бөлүштү.

"Ооба, шаар, биз жаңы 120 газ менен жүрүүчү автобустардын келишин күтүп жатабыз", - деп жазды ал.

Белгилей кетсек, автобус сатып алууга каражат шаардык бюджеттен бөлүнгөн.

Пикир

Оставить комментарий