• 84.7
  • 93.39
  • 0.89

Саламаттык сактоо министри Таласта оорукананын курулушун текшерди

Ден соолук 0

Бишкек, 04.10.24. /Кабар/. Бүгүн саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев иш сапары менен Талас облусуна келди.

Иш сапардын алкагында министр Жогорку Кеңештин депутаты Марат Мураталиев менен бирге Көпүр-Базар айылындагы оорукананын жаңы имаратынын курулушунун жүрүшү менен таанышты.

Жаңы медициналык мекеменин курулушуна республикалык бюджеттен 98 млн сом бөлүнгөн. Курулуш иштери 2024-жылдын июнь айында башталып, бүтүрүү кийинки жылга пландаштырылган. Жаңы ооруканада төрөт бөлүмү жана үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу жайгашып, айыл тургундарына жана жакын жайгашкан калктуу конуштардын жашоочуларына керектүү медициналык жардамды алуу мүмкүнчүлүгүн камсыздайт.

Саламаттыкты сактоо министри белгилегендей, курулуш иштери аяктагандан кийин оорукана бардык керектүү медициналык жабдуулар менен камсыздалат. «Алыскы калктуу конуштарда медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүнүн маанилүүлүгүн эске алып, төрөт бөлүмү төрөт учурундагы аялдарга жана кош бойлуу аялдарга сапаттуу жана жеткиликтүү медициналык кызмат көрсөтөт, ал эми калкка баштапкы деңгээлдеги бардык зарыл медициналык кызматтар көрсөтүлөт”, – деп баса белгиледи Алымкадыр Бейшеналиев.

Депутат Марат Мураталиев да республиканын алыскы аймактарына оорукана куруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

"Калктын саламаттыгына кам көрүү айылдардан башталышык керек", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий