• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстандыктардын 50%га жакынынын туура тамактанууга мүмкүнчүлүгү жок

Ден соолук 0

Бишкек, 02.03.23. /Кабар/. Постсоветтик өлкөлөрдүн ичинен туура тамактануу үчүн тамак-ашты сатып алуу баалары Кыргызстанда эң кымбат болуп саналат. Бул тууралуу БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму билдирет.

Маалыматка ылайык, кыргызстандыктардын 49,6%ы туура тамактанууга мүмкүнчүлүгү жок. Ошол эле учурда постсоветтик мейкиндикте бул көрсөткүч өлкөдөн өлкөгө абдан айырмаланат:

• Азербайжан – 0%;
• Армения – 4,29%;
• Беларусь – 0,2%;
• Казакстан – 1,2%;
• Кыргызстан – 49,6%;
• Молдова – 6,75%;
• Россия – 3,5%;
• Тажикстан – 4,21%.

“Азербайжанда 2020-жылы толук тамактануу үчүн бир күндө 2,53 доллар керектелген, Арменияда 3,25 доллар, Беларуста 3,31 доллар, Казакстанда 2,66 доллар, Кыргызстанда 3,18 доллар, Молдовада 2,81 доллар, Россияда 3,42 доллар, Тажикстанда 3,48 долларды түздү”, - деп айтылат маалыматта.

Эксперттер туура тамактануунун баасы өсүп жатканын баса белгилешет. “Азык-түлүк жакырчылыгынын” чегинен төмөн түшкөн адамдардын санынын эң чоң өсүшү Азияда – 78 миллионго өстү.

Пикир

Оставить комментарий