• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Жалал-Абад облусунда жер титиреди

Кырсык 0

Бишкек, 02.03.23. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун аймагында жер титирөө катталды.

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө күн мурун, 1-мартта саат 17:50дө катталып, очогунда күчү 3,5 баллга жеткен.

Жер титирөө Аксы районунун Кызыл-Жар, Жыл-Коо айылдарында 3 баллга чейин, Аксы районунун Кум, Таш-Көмүр шаарынын Теңдик айылдарында, Шамалды-Сай шаарчасында 2,5 баллга чейин сезилген.

Такталган маалыматтарга таянсак, жер титирөөлөрдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий