• 87
  • 90.63
  • 0.79

Саламаттык сактоо министрлиги органдарды алмаштыруу маселеси боюнча түшүндүрмө берди

Ден соолук 0

Бишкек, 29.11.24. /Кабар/. Министрлик күн мурун, 28-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында боорду трансплантациялоону жүзөгө ашыруучу саламаттыкты сактоо уюмдарына карата айтылган маалыматты тактоо зарыл деп эсептейт.

Саламаттык сактоо министри 27-ноябрда Жогорку Кеңеште сүйлөгөн сөзүндө орган алмаштыруу жаатында Саламаттык сактоо министрлигинин карамагындагы үч мамлекеттик уюмду атады:

  • трансплантация жасалып жаткан Кыргыз-Түрк достугу мамлекеттик ооруканасы;
  • Улуттук хирургиялык борбор. Ал жерде активдүү даярдык иштери жүрүп жатат. Борборду оңдоого 33 млн сом, керектүү жабдууларды алууга 170 млн сом бөлүнгөн, учурда жеткирүү стадиясында;
  • Ош шаардык клиникалык ооруканасында органдарды трансплантациялоо борбору түзүлүп, бөлүм, операциялык бөлмөлөр жана реанимация бөлүмү толук даяр. Аталган оорукананын адистери Түркия жана Россиянын клиникаларында билим алышкан. Учурда керектүү жабдууларды алып келүү иштери жүрүп жатат.
  • Ош мамлекеттик университетинин клиникасы бар. Ал дагы органдарды трансплантациялоого даяр, бирок ал Билим берүү жана илим министрлигинин карамагында.

Белгилей кетсек, аталган уюм 2021-жылдан бери "ОшМУнун алдындагы Медициналык борбор" КФнын жеке клиникасы катары медициналык ишмердүүлүк жүргүзүп келет. Ал эми "Жарандардын саламаттыгын коргоо жөнүндө" КР мыйзамына ылайык, органдарды алуу мамлекеттик саламаттыкты сактоо уюму тарабынан жүзөгө ашырылат, ага ылайык органды трансплантациялоодо жеке клиникаларга органдарды алууга тыюу салынат.

Пикир

Оставить комментарий