• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

V баскычтагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен жабыркагандар акысыз гемодиализ кызматын алышат

Ден соолук 0

Бишкек, 05.09.19. /Кабар/. Бешинчи баскычтагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен жабыркаган бейтаптар бирдей шарттарда кошумча төлөмсүз гемодиализ кызматын алышат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев кабарлады.

Анын айтуусу боюнча, өкмөттүн 2019-жылдын 29-августундагы №441 токтомуна ылайык, республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен бешинчи баскычтагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен жабыркаган бейтаптар кошумча төлөм жүргүзбөстөн гемодиализ кызматын ала алышат. Алар бюджеттик жана жеңилдетилген категорияларга бөлүнүшпөйт.

“Бейтаптарга менчигинин түрүнө жана жайгашкан ордуна карабастан гемодиализ кызматын көрсөтүүчү саламаттык сактоо мекемесин эркин тандап алуу укугу берилет. Берилген арыздардын жана документтердин негизинде бешинчи баскычтагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен жабыркашкан бейтаптардын электрондук тизмеси түзүлөт жана "Бирдиктүү регистрге" киргизилет. Бейтаптардын тизмеси дайыма жүргүзүлөт жана атайын түзүлгөн комиссия аркылуу бекитилет”, - дейт ал.

Министрдин орун басары билдиргендей, гемодиализ кызматы дарттын оордугуна ылайык жумасына 3 сеанс жана айына 12 сеанстан ашык эмес жолу көрсөтүлөт.

“Гемодиализ кызматын көрсөтүүгө карата жүргүзүлүүчү төлөмдөр тиешелүү келишимдин негизинде республикалык бюджеттин эсебинен жүзөгө ашырылат. КР Өкмөтүнүн алдындагы Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду бейтаптарга көрсөтүлгөн гемодиализ кызматы үчүн Бирдиктүү төлөөчү болуп саналат. Гемодиализ кызматы тиешелүү лицензияга ээ мамлекеттик жана жеке саламаттык сактоо уюмдары тарабынан көрсөтүлөт”, - дейт Каратаев.

Анын маалыматына ылайык, өлкөдө бөйрөк өнөкөтү менен жабыркагандардын санынын өсүү тенденциясы байкалууда. Учурда 142 бейтап кезекте турат. “Электрондук кезек иштейт. Ар бир бейтаптын өзүнүн жеке коду бар. Ошонун жардамы менен ал өзүнүн кезеги кандай жылып жаткандыгын көрө алат. Ошондой эле, кезектерди бөлүштүрүү боюнча комиссия бар, ошол комиссиянын ичинен диализдик бейтаптар Асоциациясынын жетекчиси да кирет”, - дейт Каратаев.

Ал белгилегендей, 142 адам бешинчи баскычтагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен жабыркайт. “Биз бул оорунун алдын алуу боюнча иш-чараларды күчөтүүнү пландаштыруудабыз. Өнөкөт бөйрөк оорулары диабет, жүрөк-кан тамыр жетишсиздиги жана башка оорулардын оорлошу бөйрөк өнөкөт оорусуна алып келет”, - дейт ал.

Ал эми Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасынын орун басары Акылбек Калыков билдиргендей, өлкөдө 2019-жылы 763 адам гемодиализ алат.

“”Гемодилиз” маалымат базасы боюнча 2016-жылдын 18-апрелинде жеңилдетилген программалык гемодиализге 180 адам, 2017-жылы – 473 адам, 2018-жылы – 524 адам, 2019-жылы – 239 адам жиберилген. Жеңилдетилген негиздеги гемодиализдик кызматтарга төлөм жүргүзүү үчүн жана 101 702 сеансты өткөрүү үчүн 2019-жылга карата такталган бюджетте 478 000,0 миң сом өлчөмүндө акча каражаты каралган, бирок бул максаттар үчүн иш жүзүндө 286 000,0 миң сом (59,8%) каржыланган. Баардыгы 60 851 сеанстын өткөрүлүшү камсыздалган”, - дейт Калыков.

Пикир

Оставить комментарий