• 87.32
  • 94.96
  • 0.98

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун базасында гемодиализ борбору курулат

Ден соолук 0

Бишкек, 09.02.24. /Кабар/. Бүгүн, 9-февралда саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Кувейттин "Ас-Сафа" кайрымдуулук фондунун негиздөөчүсү жана төрагасы Мухаммад Абдурахман Аль-Шая менен бирге Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна барды.

Ведомстводон билдиришкендей, алар Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун жетекчилиги менен биргеликте борбордун аймагындагы курулушу бүтө элек имараттарды карап чыгышты. 11268 чарчы метр аянттан турган 3 кабаттуу имарат 1995-жылдан бери 30 жылдай бүтпөй келет.

Текшерүү учурунда министр Алымкадыр Бейшеналиев Эне жана баланы коргоо улуттук борбору үчүнчү даражадагы саламаттыкты сактоо уюму болуп саналарын белгиледи.

"Республиканын бардык аймактарынан жүздөгөн балдар Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна дарылануу үчүн кайрылышат жана жаңы курулуштун аркасында балдарга көрсөтүлүүчү медициналык кызматтын сапатын мындан ары жакшыртууга мүмкүнчүлүк түзүлөт", - деп белгиледи ал.

Ал ошондой эле имарат курулуп бүтсө, Гемодиализ борборунан тышкары бул имаратка эндокринология, нефрология жана башка бөлүмдөрдү жайгаштырууга мүмкүн болорун кошумчалады.

Жолугушуунун жыйынтыгында Мухаммад Абдурахман Аль-Шая алардын фонду курулуш иштерин жана борборду заманбап жабдуулар менен жабдууну каржылай турганын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий