• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Кыргызстанда менингит эпидемиясы жок – КР ССМ

Ден соолук 0

Бишкек, 11.06.18. /Кабар/. Кыргызстанда менингит эпидемиясы жок. Бул тууралуу КР Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Елена Баялинова билдирди.

Анын айтымында, үстүбүздөгү жылдын акыркы беш айында илдет боюнча 12 учуру катталган (2017-жылдын ушул мезгилинде 32 учур).

“Саламаттык сактоо министрлиги илдеттин алдын алуу боюнча бардык тиешелүү чараларды көрүүдө”,-деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, казак ЖМКнын маалыматы боюнча, Алматада менингиттен 7 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий