Борбор Азия аймагы Азия менен Европанын ортосунда жайгашканы ар дайым өзгөчө роль ойноп келген. Бул жерде Россия, Кытай жана Европанын кызыкчылыктары жана таасир чөйрөлөрү кесилишет. Алар мурда Борбор Азияны бир нече жолу бийлик үчүн геосаясий күрөштүн аренасына айландырган. Кыргызстан ушундай геосаясий абалда максималдуу көп векторлуу тышкы саясатын жүргүзүп келет. Ошондуктан, тынчтык жана коопсуздук Кыргызстандын жана бүткүл Борбор Азия чөлкөмүнүн мындан аркы өнүгүүсүнүн негизи.
Учурда бул аймакта Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы кызматташтык бекемдеп, оң жылыштар болуп жаткан кез. Бирок, жаратылыш ресурстарын бөлүштүрүү, климаттын өзгөрүшүнүн таасирине көнүү, чек араны демаркациялоо көйгөйлөрү дагы эле бар. Бул маселелерди Борбор Азия өлкөлөрү тышкы саясатта кызматташууга ниети болгондо гана биргелешип чече алат.
Жакында эле Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги 80 жылдык мааракесин белгиледи. 80 жыл таасирдүү дата, бул мезгил аралыкта Кыргызстандын дипломатиялык кызматы өнүгүп, эки-үч кишиден турган аппараты толук канду Тышкы иштер министирлигине айланып, чет өлкөлөрдө элчиликтер, консулдук мекемелер пайда болгон.
Садыр Жапаров бийлике келгенде, өзгөчө оппозиция, тышкы аренада президенттин жүрүм-турумун сынап жиберели деп күтүшкөн эле. Себеби, алар: “Эл аралык аренада Кыргызстанды эч ким тоготпой калат!” - деп какшап келишкен эле. Бирок алардын жаман ою таш капкан. Садыр Жапаров эл аралык сүйлөшүүлөрдө өзүн татыктуу алып барып, кандай болгон кырдаалда да өз өлкөсүнүн кызыкчылыгын коргой турган мамлекет башчысы катары көрсөтө алды.
Акыркы жылдары Кыргызстандын тышкы саясаты салмактуу жана демилгелүү болуп, эл аралык аренада урмат-сыйга татууда. Бул мамлекет башчысынын көп векторлуу тышкы саясат жүргүзүүсүнө байланыштуу.
Дагы бир сыймыктана турган нерсе - Кыргызстан эң жакын союздаш, коңшулаш, тарыхый өнөктөштөр менен жылуу мамиле түздү. Чек аралар бекемделип жатат.
Кыргызстан эгемендүүлүктү, улуттук кызыкчылыктарды, ошондой эле Кыргызстандын маданиятын жана тарыхын урматтоо шартында ар бир адам менен достукка жана кызматташууга ачык. Ар кандай өз ара аракеттенүү ишенимге жана пайдага негизделет. Садыр Жапаров баса белгилегендей, биздин өлкө эл аралык саясатта “муштум мыйзамды” тааныбайт, Кыргызстандын жетекчилигинин жана элинин бекем позициясы ушундай.
«Бүгүнкү күндө Кыргызстандын тышкы саясаты тең салмактуу жана ырааттуу. Биздин дипломатия ачык, көп векторлуу жана көп тараптуу кызматташууга умтулат. Эл аралык уюмдарда да, эки тараптуу негизде да көп иштер жасалып жатат. Улуттук кызыкчылыктарды алдыга жылдыруу олуттуу милдет, ал экономиканы, сооданы өз ара пайдалуу өнүктүрүүгө багытталган. Коңшу мамлекеттер менен көзгө көрүнөрлүк натыйжаларга жетиштик.
Маселен, ЕАЭБ алкагында товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, жумушчу күчтүн жана капиталдын эркин кыймылы маселелери акырындык менен чечилүүдө. Бул уюмдун алкагында биз өнөктөш өлкөлөрдүн аймагындагы мигранттар үчүн жеңилдетилген шарттарга жетишүүнү көздөп жатабыз. Ал эми биз белгилеген темалар, албетте, көз жаздымда калбайт. Белгилүү бир кыйынчылыктарга дуушар болгону менен реалдуу иштер жүрүп жатат, бирок азыртадан эле оң өзгөрүүлөр бар.
БУУда биздин президент Башкы ассамблеянын жыйындарына жыл сайын катышат. Кыргызстандын бул уюмдагы ролу формалдуу эмес, биз климаттык күн тартиби жана жашыл экономика боюнча демилгелерди сунуштап келебиз. Биздин мамлекет башчыбыз тарабынан көтөрүлгөн тоолуу өлкөлөрдү коргоо идеясы Бириккен Улуттар Уюмунда түшүнүүчүлүккө ээ болду”, - дейт Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясынын доценти Темирбек Нурматов.
Быйыл Кыргызстан БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкерлигин көрсөттү. «Эгер шайланып калсак, Кыргызстан Коопсуздук кеңешинин ишинин натыйжалуулугун жана айкындуулугун жогорулатууга, ошондой эле тең салмактуу аймактык өкүлчүлүктү эске алуу менен аны кеңейтүүгө аракет кылат. Кыргызстанды кошкондо 60 мүчө-мамлекет Коопсуздук кеңешине бир да жолу шайлана элек деген тарыхый адилетсиздикти оңдоого жана Африка өлкөлөрүнүн кеңеште өкүлчүлүгүнүн жетишсиздигин оңдоого мезгил жетти», - деп баса белгилеген Садыр Жапаров.
Эксперттердин айтымында, Кыргызстан көтөрүп жаткан демилгелер, биринчи кезекте жашыл экономика, тышкы карызды жашыл демилгелерге алмаштыруу бара-бара түшүнүү менен колдоого ээ болууда.
Дагы бир баса белгилеп кетчү нерсе, тигил же бул өлкөгө Садыр Жапаровдун визити болуп өткөндөн кийин Кыргызстанда бизнестин жаңы түрлөрүн, биргелешкен ишканаларды ачуу, инвестиция салуу, өнүктүрүү фонддору ачуу боюнча сунуштардын түшүшүнө байланыштуу чоң кызыктуу окуялар болуп жатканын көрүп жатабыз.
Мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов “Кабар” маалымат агенттигине берген маегинде Кыргызстандын дипломатиялык кызматы калыптануунун татаал жолун басып өткөнүн, эми мамлекеттин тышкы саясаты ийгиликтерге жетүү үчүн шарттарды түздү деген.
«Кыргызстан тышкы саясатта абдан тең салмактуу багытты карманат. Бул бизге улуттук кызыкчылыктарга дал келген, өнүгүүгө жана пайда алып келүүгө мүмкүндүк берген эл аралык структураларга интеграцияланууга мүмкүндүк берди. Республика жана биздин дипломатия абдан олуттуу кысымга туруштук берди, бирок биз тандап алган багытыбыздан жана принциптүү позицияны коргоодо, пайдалуу байланыштарга ачык бойдон кала берүү менен эл аралык аренада көз каранды эмес позицияны сактап келебиз.
Албетте, азыр дүйнө абдан өзгөрүүдө. Дүйнөлүк саясатка таасирин тийгизген жаңы экономикалык өнүгүүнүн борборлору пайда болууда. Күчтүү мамлекеттердин кызыкчылыктары кагылышканда эч качан оңой болбойт. Демек, ырааттуулук, жоопкерчилик жана ак ниеттүүлүк – дипломатиянын үч түркүгү, ага таянуу менен Кыргызстан өзүнүн улуттук кызыкчылыгын коргойт. Бул жылдар аралыгында биз ар дайым ачык жана так позициябызды сактоого аракет кылып келдик. 30 жылдан ашык убакыттан бери өлкөбүз туруктуулукту жана стабилдүүлүктү камсыз кылган дал ушундай бейпилдик тышкы саясатын жүргүзүп келатат», - деп жыйынтыктады Аликбек Жекшенкулов.
Кыргызстандагы заманбап дипломатиясынын жетишкендиктери өлкөнүн өнүгүүсү үчүн гана чечүүчү мааниге ээ болбостон, бүтүндөй аймактын, атүгүл Евразиянын геосаясий картасын өзгөртүүдө. Эң жакынкы коңшулар менен дайыма эле жөнөкөй болбогон мамилелер оңолуп, Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу боюнча келишимдер түзүлдү. Өзбекстан менен Казакстан бул долбоорду колдоп гана тим болбостон, ага тең өз ара пайдалуу шарттарда катышууга даяр экендиктерин билдиришти.
Ал эми Кытай менен ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктүн деңгээлине көтөрүлгөн мамилелер Борбордук Азияны транспорттук туюктан алып чыгуучу ири транзиттик коридорду түзүүгө жагымдуу шарттарды түзүп, экономикалык жактан олуттуу жана дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнүн ортосундагы сооданы көбөйтүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол долбоору флагмандык долбоор деп аталып, аны ишке ашыруу иштер жакынкы аралыкта башталат.
Бактыбек Мамбетов, Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттиги
Пикир
Оставить комментарий