• 87
  • 90.41
  • 0.84

Кыргызстанда 10 айда 237,1 млрд сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү жыйналды

Экономика 0

Бишкек, 01.11.24. /Кабар/. 2024-жылдын январь-октябрь айларында Мамлекеттик салык кызматы 237 млрд 158 млн сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйнады, бул өткөн жылдын көрсөткүчүнөн 37 млрд 219,4 млн сомго көп.

Салык кызматынан билдиришкендей, анын ичинде 176 млрд 893,3 млн сом салык жана төлөмдөр чогултулду. Белгиленген план 101,3%га же 2,3 млрд сомго ашыгы менен аткарылды. 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 28 млрд 894,2 млн сомго көп жыйналган.

Камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча чогултулган сумма 60 млрд 264,6 млн сомду түздү. План 111,3%га же 6,1 млрд сомго ашыгы менен аткарылды. 2023-жылдын 10 айына салыштырмалуу 8 млрд 325,2 млн сомго көп жыйналды.

Пикир

Оставить комментарий