• 87
  • 90.41
  • 0.84

Салык кызматы 15-январдан тартып камсыздандыруу төгүмдөрүн тескеп-башкарууну баштайт

Экономика 0

Бишкек, 09.01.19. /Кабар/. 2019-жылдын 15-январынан тартып мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу функциясы КР Социалдык фондунан өкмөткө караштуу Мамлекеттик салык кызматына өтөт.

Ушуга байланыштуу, юридикалык жакты түзбөгөн дыйкан (фермердик) чарбалардын башчылары жана мүчөлөрү камсыздандыруу полистерин жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөгөндүгү тууралуу квитанцияларды алуу үчүн аймактык салык органдарына (бирдиктүү терезелерге), тейлөө борборлоруна, патенттерди берүү пункттарына кайрылуулары керек.

Мында, 2019-жылдын 1-январына чейинки отчеттук мезгилдер, анын ичинде 2018-жылдын декабрь айы үчүн мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттары боюнча эсептешүү ведомосттору катталган жер боюнча Социалдык фонддун райондук башкармалыктарына берилет. Анткени 2018-жылдын жыйынтыгы Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан чыгарылмакчы.

2019-жылдын январь айы үчүн отчет жана кийинки отчеттор ушул жылдын февраль айынан тартып аймактык салык органдарына берилүүгө тийиш.

Кененирээк маалыматты 194 (МСК) жана 1202 (СФ) байланыш номерлери, www.sti.gov.kg жана www.sf.kg сайттары аркылуу алууга болот.

Пикир

Оставить комментарий