• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Кыргызстанда Amazon`дун аналогу пайда болушу мүмкүн

Экономика 0

Бишкек, 26.01.23. /Кабар/. Кыргызстанда Amazon`дун аналогуна окшош аянтча пайда болушу мүмкүн. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фонду башкармалыгынын төрагасы Азиз Аалиев билдирди.

Анын айтуусуна караганда, мындай долбоорду каржылоого арыз фонддун кардарлары тарабынан берилген. Аянтчаны Бишкектеги "Дордой" базарына жакын жерге куруу пландалууда.

"Долбоор "А" классындагы эл аралык хабды түзүүнү карайт — бул толугу менен онлайн соода менен толук автоматташтырылган жогорку технологиялык кампа, башкача айтканда, Amazon типтүү. Долбоорлор биздин өлкөнүн соода балансын жогорулатууга мүмкүндүк түзөт", - деди Аалиев.

Ал кошумчалагандай, фонд ошондой эле Кызыл-Кыя шаарындагы ири логистикалык борбордун курулушун каржылоого даярданууда. Ал жерде Өзбекстанга экспорттоого арналган атамекендик товарлар сакталат.

Пикир

Оставить комментарий