• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Салык кызматы 20 млн сомдук товарларды мыйзамсыз ташып кирүүгө бөгөт койду

Укук тартиби 0

Бишкек, 11.01.23. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдөн жалпы 20 млн сомдон ашык суммадагы медикаменттерди, балдар тамак-ашын, кездемелерди, жалаяктарды, кондитердик азыктарды жана башка товарларды мыйзамсыз ташып келүү фактысын аныкташты.

Тактап айтканда, “Ак-Тилек” контролдук-өткөрмө пунктунун жанындагы товарларды эсепке алуу пунктунан товарларды үй буюмдары катары ташып кирген автоунаалар кармалды (үй буюмдарына ташып келүүгө документтер таризделбейт).

Автоунааларда 6 миң 552 таңгак түрдүү дары-дармектер, 4 миң 9 банка балдар тамак-ашы, 48 миң 384 даана Alpen Gold шоколады, 57 миң 888 даана Snickers шоколады, 1 миң 800 даана электрондук тамеки, 102 оролмо кездеме, арыктоо үчүн 680 таңгак чай, 450 таңгак Huggies балдар жалаягы табылган.

Автоунаалар товарлары менен кошо мөөр басылып, айып токтотуучу жайга киргизилди. Бузуулар боюнча материалдар мыйзамга ылайык андан аркы чараларды көрүү үчүн прокуратурага өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий