• 87
  • 90.41
  • 0.84

Салык кызматы 4 айда 29,7 млрд сом салык жыйнады

Экономика 0

Бишкек, 06.05.21. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы 2021-жылдын январь-апрель айларында 29 млрд 781 млн сом салык жана төлөмдөрдү чогултту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, белгиленген план 106,9 %га аткарылды же 1 млрд 923,7 млн сомго ашыгы менен жыйналды.

2020-жылдын 4 айына салыштырмалуу салыктар 7 млрд 864,6 млн сомго көп жыйналды же өсүү ыргагы 135,9 %ды түздү.

Ошол эле учурда, республикалык бюджетке 23 млрд 641,2 млн сом салык жыйналды, план 105,6 % га аткарылды же 1 млрд 261,2 млн сомго көп чогултулду. 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу жыйымдар 6 млрд 421 млн сомго өстү (өсүү темпи 137,3 %).

Жергиликтүү бюджетке 6 млрд 140,4 млн сом салык түштү, план 112,1 %га аткарылды же 662,2 млн сомго ашыгы менен жыйналды. 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1 млрд 443,6 млн сомго көп жыйналды (өсүү темпи 130,7 %).

Пикир

Оставить комментарий