• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Салык кызматы 6 айда бирдиктүү салык боюнча 6 млрд сом чогултту

Экономика 0

Бишкек, 11.07.24. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы 2024-жылдын алты айында бирдиктүү салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы боюнча 6 млрд сом салык чогултту.

Ведомстводон маалымдашкандай, 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу бирдиктүү салык жыйымдары 239% же 3,4 млрд сомго көбөйгөн.

2024-жылдын 1-июлуна карата салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасын колдонгон салык төлөөчүлөрдүн саны 208 миң 498ди түзгөн, бул өткөн жылга салыштырмалуу 116 миң 350 субъектке көп.

Жөнөкөйлөтүлгөн системаны колдонгон салык төлөөчүлөрдүн санынын көбөйүшүнүн негизги себеби соода иши менен алектенген ишкерлердин салык салуунун патенттик системасынан өтүүсү болду.

Эскерте кетсек, бирдиктүү салык бул иштин ар кандай тармактарында иштеген салык төлөөчүлөр үчүн оптималдуу салык режими. Аны колдонуу ар кандай салык жеңилдиктерин жана жөнөкөйлөтүүлөрдү камсыз кылат, ошондой эле салыктын үч түрүн алмаштырат: киреше салыгы, сатуу салыгы жана салык салынуучу берүүлөргө КНС.

Бирдиктүү салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы тууралуу толук маалыматты sti.gov.kg сайтынан же 116 номери боюнча алууга болот.

Пикир

Оставить комментарий