• 87.45
  • 90.16
  • 0.85

Салык кызматы бизнеске камсыздандыруу төгүмдөрүн башкарууну санариптештирүү жөнүндө айтып берди

Коом 0

Бишкек, 12.03.21. /Кабар/. Бүгүн, 12-мартта Мамлекеттик салык кызматы тегерек стол өткөрдү.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, анда камсыздандыруу төгүмдөрүн башкарууну санариптештирүү, киреше салыгы, камсыздандыруу төгүмдөрү жана эмгек мамилелери боюнча отчеттун бириктирилген жаңы формасын киргизүү тууралуу сөз болду.

Иш-чарага Салык кызматынын жетекчилиги, бизнес-ассоциациялар, ишкерлер, ошондой эле Социалдык фонд жана Статистикалык комитеттин өкүлдөрү катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө Салык кызматынын өкүлдөрү Социалдык фонддон Салык кызматына өткөндөн учурдан бери (2019-жылдын 15-январынан тартып) камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруунун жыйынтыктары, анын ичинде бизнеске жана төлөөчүлөргө тийгизген таасири, ошондой эле санариптештирүүнүн алкагында камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөргө көрсөтүлүүчү кызматтарды өркүндөтүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар тууралуу айтып беришти.

Салык органынын кызматкерлери тегерек столдун катышуучуларына 1-апрелден тартып ишке киргизилип жаткан киреше салыгы, камсыздандыруу төгүмдөрү жана эмгек мамилелери боюнча отчеттуулуктун 5 түрүнүн бириктирилген жаңы формасынын артыкчылыктары жөнүндө айтып, отчеттун жаңы формасын толтуруунун тартибин онлайн-форматта көрсөтүп беришти.

Ошондой эле тегерек столдо 2021-жылдын 1-июлунан тартып ишке киргизилген, үстүбүздөгү жылы ишке ашырылып жаткан «СМАРТ Салым» салык жол-жоболорун фискалдаштыруу долбоорлору тууралуу маалымат берилди.

Мындан тышкары, жолугушууда бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрү жана ишкерлер камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөдө жана отчет берүүдө туш болушкан көйгөйлөр жөнүндө айтты. Салык кызматынын жетекчилиги айтылган сын-пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен керектүү иш-чараларды өткөрүүгө сөз берди.

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиев Салык кызматы Социалдык фонддун ордуна камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу функциясын аткарып келаткандан берки (2019-жылдын 15-январынан тартып) негизги жыйынтыктарды белгиледи.

Төраганын айтуусунда камсыздандыруу төгүмдөрү Салык кызматы тарабынан башкарылышы юридикалык жана жеке жактардын административдик жүгүн азайтып бизнес жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттарды түздү.

Тактап айтканда, салык төлөөчүлөр үчүн салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча эки отчетту бир мамлекеттик органга тапшыруу менен ошол эле жерден патентти жана камсыздандыруу полисин алуу ыңгайлуу болду. Мындан улам бул процедураларга жумшалган убактылары үнөмдөлдү. Ошондо камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөгө жана отчетту берүүгө жумшалган финансылык чыгымдар да кыскарды.

Мамлекеттик салык кызматы 2019-жылы 32,4 млрд сом камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйнады, бул 2018-жылга салыштырмалуу 1,7 млрд сомго көп. 2020-жылы 33,2 млрд сом чогултулду. Үстүбүздөгү жылы 38,2 млрд сом чогултуу пландалууда.

Белгилей кетсек, Салык кызматына жаңы функция өткөндөн кийин берилген патенттерге карата камсыздандыруу полисинин камтуусу бир жарым эсеге өстү. Эгер 2018-жылы камтуу 41 пайызды түзсө, 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча жүргүзүлгөн түрдүү иш-чаралардын, анын ичинде түшүндүрүү иштеринин натыйжасында бул сан 66,2 пайызды, 2020-жылдын жыйынтыгы боюнча – 73,2 %ды түздү (2018-жылы 493 миң 131, 2019-жылы 683 миң 937, 2020-жылы 548 миң 704 камсыздандыруу полиси).

Салык кызматынын төрагасы эки жылдын ичинде камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөргө көрсөтүлгөн кызматтарды өркүндөтүү боюнча белгилүү иштерди жүргүзүлгөндүгү тууралуу маалдымат берип өттү.

Атап айтканда, "Камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу" маалыматтык системасы мезгилдин талабын жана ченемдик укуктук актыларга киргизилген өзгөртүүлөрдү эске алуу менен туруктуу негизде өркүндөтүлүүдө.

2019-жылдын декабрь айынан тартып, мамлекеттик сатып алуулардын катышуучуларына (жеткирүүчүлөрүнө) камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызы тууралуу маалыматты Мамлекеттик сатып алуулардын порталы аркылуу электрондук түрдө берүү боюнча сервис иштейт. Сервис маалыматты онлайн режиминде алууга мүмкүнчүлүк түзөт.

2020-жылдын августунан баштап патенттин жана камсыздандыруу полисинин формалары бириктирилди. «Э-патент» (epatent.gov.kg) электрондук сервиси жакшыртылды, мында патентти жана камсыздандыруу полисин бир документ катары алууга болот. Төлөмдү электрондук капчыктардын, терминалдардын же онлайн-банкингдин жардамы менен накталай эмес эсептешүү аркылуу ишке ашырууга болот. 2020-жылдын августунан 2021-жылдын мартына чейин онлайн режиминде 174 миң 729 патент жана 142 миң 547 камсыздандыруу полиси берилген.

Камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөр 2020-жылдан тартып камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча отчетту аймактык салык органдарынын электрондук почтасы аркылуу бере алышат. Муну буга чейин келип кетип төлөп жүргөндөр гана ишке ашыра алат.

Салык кызматы 2021-жылдын январынан тартып камсыздандыруу төгүмдөрүн КР Экономика жана финансы министрлигинин Бирдиктүү казыналык эсеби аркылуу кабыл алууда. Салык кызматы тарабынан мурда чогултулган камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммалары Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун алыш-бериш эсептеринде топтолгон болчу.

Камсыздандыруу төгүмдөрүн башкарууда дагы бир жаңылык – киреше салыгы, камсыздандыруу төгүмдөрү жана эмгек мамилелери боюнча отчеттордун формаларынын бириктирилиши.

Бириктирилген отчетту 2021-жылдын 1-апрелинен тартып коммерциялык уюм же чакан жана орто ишкердик субъекти болуп эсептелбеген салык агенттери электрондук формада гана тапшырышат.

Эми салык төлөөчү салык органдарына жана Улуттук статистика комитетине берилүүчү отчеттун беш түрүнүн ордуна бир эле мамлекеттик органга – Салык кызматына бир гана отчет берүүгө өтөт.

Пикир

Оставить комментарий