• 88.68
  • 95
  • 0.95

Биринчи класска бара турган балдардын жүрүм-туруму тууралуу нускама иштелип чыкты

Коом 0

Бишкек, 19.08.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Өкмөттүн чечими менен 1-сентябрдан баштап мектепке 1-класстын гана окуучулары барат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин жалпы гигиена боюнча дарыгери Мария Кушубакова брифингде билдирди.

Анын айтымында, калган мектеп окуучулары онлайн режиминде окуусун баштайт.

“Бүгүнкү күндө 1-класстын окуучуларынын мектепке баруусуна шарт түзүү максатында мугалим, балдар жана ата-энелер үчүн кандай шартта мектепке баруу, мектепке өзүн кандай алып жүрүү жана балдарын окуудан кантип алып кетүү боюнча нускама иштелип чыккан. Аны Саламаттык сактоо министрлиги Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте иштеп чыккан. Өкмөттүн 244-токтому менен бекитилген убактылуу санитардык эрежелерде мектепте окуган жана мектепке чейинки балдардын алгоритми жазылган. Иштелип чыккан нускама ошол алгоритмдин негизинде түзүлгөн”, - дейт ал.

Кушубакова маалымдагандай, нускамада биринчиден мектеп директорунун милдеттери жазылган. “Мектепти дезинфекциялоо, кире бериште антисептиктин болушу, балдарды мектепке келгенде термометр менен текшерүү керек. Ошондой эле 1-класска бара турган баланын үй-бүлөсүндө оорулуу адамдын жок болушу жана 25-30 бала окуй турган болсо, аны экиге бөлүп окутуу шарт. Окуучулар класстын ичинде шахматтык негизде отуруп билим алуусу керек. Аны менен бирге беткап кийүү, санитардык нормаларды сактоо жагы да каралган”, - деп белгиледи Кушубакова.

Пикир

Оставить комментарий