• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Өзбекстанда сутка ичинде коронавирус жуктурган 660 учур катталды. Жалпы 36 миң 760

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 19.08.20. /Кабар/. Өзбекстанда COVID-19 коронавирустук инфекциясын жуктургандардын саны 36 миң 760 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Өлкөдө сутка ичинде коронавирусту жуктурган 660 жаңы учур катталды. Ал эми 643 бейтап илдеттен айыгып, ооруканадан чыгарылса, 5 бейтап каза болду.

Өлкөдө 15-августтан тартып карантиндик чектөөлөр жумшара баштады. Ташкентте коомдук транспорт, анын ичинде метро, ошондой эле региондордун ортосундагы аба, авто жана темир жол байланыштары өз ишин жандантты. Кайрадан "кызыл", "сары" жана "жашыл" сыяктуу карантиндик чектөөлөр киргизилди.

Өлкөдө коронавирустан 32 миң 223 адам айыкты. Ал эми коронавирус жуктурган 245 бейтап каза болду. 4 миң 292 бейтап ооруканаларда дарыланууда. Алардын ичинен 411 адамдын абалы оор болсо,125инин абалы өтө оор.

Пикир

Оставить комментарий