• 87
  • 90.41
  • 0.84

Салык кызматы кадрлар резервине киргизүү үчүн кезектеги ачык конкурс жарыялайт

Коом 0

Бишкек, 20.01.24. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы ведомствонун кадрлар резервин түзүү үчүн ачык конкурс жарыялайт.

Документтер 2024-жылдын 31-январы саат 18:00гө чейин кабыл алынат.

Конкурс административдик мамлекеттик кызмат орундарынын башкы, улук жана кенже топтору үчүн резерв түзүүнү болжолдойт. Резерв бир нече блоктон турат, анда жогорку билим профилине, иш стажына жана ар бир блокко карата тиешелүү чөйрөдө көндүмдөрдүн жана жөндөмдөрдүн болушуна талаптар коюлат.

Салык кызматынын кадрлар резервине кирүү үчүн ачык конкурска катышууну каалагандар талап кылынган документтерди тапшырып, Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинен компьютердик тестирлөөдөн өтүшөт. Тестирлөө этабында тийиштүү балл топтогондор аңгемелешүүдөн өтүшөт.

Конкурстун бардык этаптарынан ийгиликтүү өткөн талапкерлер Салык кызматынын кадрлар резервине киргизилет.

Толук маалымат, анын ичинде ченемдик укуктук актылардын тизмеси, квалификациялык талаптар, керектүү документтер, документтерди кабыл алуу үчүн даректер www.sti.gov.kg сайтына (Бош орундар бөлүгү) жайгаштырылган.

Бардык кызыкдар болгон талапкерлерди Салык кызматынын кадрдык ресурстарын бекемдөө максатында өткөрүлүп жаткан конкурска катышууга чакырабыз.

Пикир

Оставить комментарий