• 87.45
  • 90.05
  • 0.85

Салык кызматы КНСти башкарууну жакшыртуунун алкагында документтердин жаңы формаларын киргизди

Коом 0

Бишкек, 19.12.24. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы КНСти башкарууну жакшыртуу боюнча иштердин алкагында "Электрондук эсеп-фактура" маалыматтык системасына документтердин жаңы формаларын киргизди.

Ведомстводон билдиришкендей, эсепке алууну жөнөкөйлөтүү жана административдик жүктү азайтуу үчүн айыл чарба өндүрүүчүлөрү үчүн электрондук эсеп-фактуранын формасы (BLANK STI-110) түзүлдү. Эми салык төлөөчүлөр айыл чарба өндүрүүчүлөрүнөн айыл чарба продукциясын сатып алууда бул документти сатып алуучунун атынан өздөрү тариздей алышат.

ЭЭФ (BLANK STI-110) формасын атайын реестрге киргизилген базарларда жана кичи базарларда соода жүргүзгөн ишкерлер дагы колдоно алышат. Мында ЭЭФтин эскертүүсүндө электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздын номерин милдеттүү түрдө көрсөтүү керек.

Салык төлөөчүлөрдүн ыңгайлуулугу үчүн кошумча алгачкы эсепке алуу документинин формасы (BLANK STI-109) киргизилди. Ал алдын ала төлөө келип түшкөндө, өнбөөчү бересени эсептен чыгарганда жана КНС боюнча каттоону жокко чыгарганда колдонулат.

Бул форма "Электрондук эсеп-фактура" маалымат системасы аркылуу "аванс", "калдык" жана "карыз" сыяктуу процесстерди электрондук түрдө тариздөөгө мүмкүндүк берет. Бул сервистин аркасында мындан ары КНС боюнча отчеттордо алдын ала төлөнгөн аванстын суммасын кол менен көрсөтүүнүн кажети жок.

Белгилей кетсек, мыйзамдарга ылайык, алдын ала төлөнгөн суммадан КНС боюнча салык милдеттенмеси салык салынуучу жеткирүүлөрдөн пайда болот. Бирок, айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн жеткирүүлөрү КНС төлөөдөн бошотулган.

Эскерте кетсек, алдын ала төлөөнүн келип түшкөн суммасы боюнча КНС боюнча салыктык милдеттенменин келип чыгышы жөнүндө Салык кодексинин ченеми 1996-жылдан тартып Кодекстин биринчи редакциясы киргизилген учурдан тартып колдонулат.

Бул жаңылануу өндүрүлгөн жана сатылган айыл чарба продукцияларын көзөмөлдөөнүн ачыктыгын камсыздоого өбөлгө түзөт, ошондой эле КНСти башкарууну жакшыртууга багытталган.

Пикир

Оставить комментарий