• 85.5
  • 92.66
  • 0.88

Салык кызматы: Журналисттер отунду маркалоонун артыкчылыктары менен таанышты

Коом 0

Бишкек, 20.10.24. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы Сокулук айылындагы мунай базада отунду маркалоого арналган пресс-тур уюштурду. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.

Иш-чарага алдыңкы ата мекендик ЖМКлардын, Салык кызматынын жана "Учкун" ААКтын отунду маркалоо системасынын операторунун өкүлдөрү катышты.

Пресс-турдун алкагында Салык кызматынын адистери бензин жана дизелдик отунду маркалоо системасын киргизүүнүн максаттары жана артыкчылыктары жөнүндө кеңири айтып беришти.

Өз кезегинде "Учкун" ААКтын адистери маркалоону жана атайын куралдардын жардамы менен маркасы жок продукцияны аныктоо үчүн талдоо процессин практикада көрсөтүштү.

Журналисттер маркалоо процессине жеке өздөрү катышышты жана өздөрүн кызыктырган суроолоруна толук жоопторду алышты.

Эскерте кетсек, 2024-жылдын 1-октябрынан тартып Кыргызстанда молекулярдык маркерлерди колдонуу менен импорттолуучу жана өндүрүлгөн бензинди жана дизелдик отунду милдеттүү түрдө маркалоо киргизилген.

Ошол эле учурда 2025-жылдын 1-январынан тартып маркасы жок бензинди жана дизелдик отунду жүгүртүүгө тыюу салынат.

Отунду маркалоо отундун өндүрүшүнүн жана импортунун көлөмүн эсепке алуунун ачык-айкындуулугун камсыз кылат, ак ниет атаандаштык үчүн шарттарды түзөт, керектөөчүлөрдү контрафакттык продукциялардан коргойт, ошондой эле КММга акциз салыгын башкарууну жакшыртат жана өлкөнүн бюджетине салыктык түшүүлөрдү көбөйтөт.

Пикир

Оставить комментарий