Салык кызматынын ЭТТК системасында уникалдуу товарлардын 2,9 млн түрү катталды

Экономика 0

Бишкек, 20.05.24. /Кабар/. Кргызстандык ишкерлер "Электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз" маалыматтык системасында 2,9 млн уникалдуу товарлардын түрүн катташты. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2024-жылдын 4 айында катталган уникалдуу товарлардын түрлөрүнүн саны 572,1 миң бирдикке көбөйгөн.

Ошондой эле ушул мезгилде ачык виртуалдык кампалардын саны 40,1 миңге көбөйүп, жалпы саны 162,5 миңди түздү.

Январь-апрель айларында электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарды колдонгон ишкерлердин саны 41,2 миң колдонуучуга көбөйдү. ЭТТК системасында иштегендердин жалпы саны 144 миңге жетти.

Азыркы учурда ишкерлер ЭТТК системасы аркылуу 20,5 млн электрондук документтерди түзүшкөн, алардын ичинен сатуу боюнча – 16,3 млн, эсептен чыгаруу – 1,6 млн, алып өтүү – 1,09 млн, кириштөө боюнча – 1,4 млн.

Эскерте кетсек, ушул жылдын апрель айында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомуна ылайык чекене сатууну ишке ашырган чакан жана орто ишкердик субъекттери, анын ичинде базарларда жана кичи базарларда, дыйкан чарбаларда, ошондой эле тигүү жана текстиль тармактары үчүн ЭТТКны колдонуу боюнча өзгөртүүлөр жана жөнөкөйлөштүрүү киргизилген.

Электрондук товардык транспорттук коштомо кагаз – бул товар, жөнөтүүчү, алуучу, транспорт каражаты жөнүндө жана башка маалыматтарды камтыган электрондук документ.

ЭТТК ишкерлерге убакытты жана каржылык чыгымдарды азайтып, электрондук документтерди жеңил бөлүшүүгө мүмкүндүк берет.

Пикир

Оставить комментарий