Салык кызматынын мурдагы төрагасынын баш коргоо чарасынын мөөнөтү узартылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 20.01.25. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматынын мурдагы төрагасы Алтынбек Абдуваповдун баш коргоо чарасынын мөөнөтү узартылды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунан билдиришти.

Маалыматка караганда, райондук соттун токтому менен А.А.К.га карата камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын колдонуу мөөнөтүн узартуу боюнча тергөө тобунун жетекчисинин өтүнүчү канааттандырылды.

Ошентип, Салык кызматынын мурдагы төрагасы 202-жылдын 20-мартына чейин камакта калтырылды.

Эскерте кетсек, буга чейин Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов жана анын орун басары Исламбек Кыдыргычов кармалган. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин маалыматы боюнча, учурда жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин жүрүшүндө алардын электрондук коштомо кагазды колдонууга байланыштуу алдамчылык фактылары аныкталган.

Пикир

Оставить комментарий