• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ошто опузалап акча талап кылгандар кармалды, алардын бири жергиликтүү кеңештин депутаты

Укук тартиби 0

Бишкек, 01.06.21. /Кабар/. Ош облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан 10 миң доллар опузалап акча талап кылган 2 жаран кармалды, алардын бири жергиликтүү кеңештин депутаты экени аныкталды. Бул тууралуу Ош ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 26-майында Ош облусунун Араван районунун Нур-Абад айыл аймагынын 57 жаштагы тургуну Б.У. арыз менен кайрылып, анда ал 2021-жылдын 24-майынан тартып аны Араван районунун Нур-Абад айыл аймагынын Кайрагач-Арык участкасында жайгашкан “Байбува уулу Жорохан” соода борборуна ага тааныш болбогон, өзүн “С” деп тааныштырган жаран шериги менен бирге келип, коркутуу менен опузалап 10 000 (он миң) АКШ долларын талап кылып жатканын билдирген.

Аталган жагдай Ош ОИИБнын тергөө кызматы тарабынан КР Жазык кодексинин 203-беренесинин 3-бөлүмүнүн 2-пунктунда (“Опузалап талап кылуу”) көрсөтүлгөн кылмыш белгиси менен кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестирине каттоого алынган.

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө “С” аттуу жаран Ош облусунун Араван районунун Кесек айылынын 33 жаштагы тургуну А.С. экени аныкталып, жүргүзүлгөн тийиштүү ыкчам-тергөө иш-чараларынын натыйжасында А.С. жабырлануучу 57 жаштагы Б.У.дан опузалап талап кылган акча каражатынын 3 000 (үч миң) долларды анын кылмыштуу шериги Араван районунун Кесек айылынын тургуну 28 жаштагы Ж.Ж. менен бирге алып жаткан жеринен Ош ОИИБдин Криминалдык милиция кызматы тарабынан кармалган.

Натыйжада жабырлануучуга өзгөчө ири өлчөмдө акча каражатын талап кылуу менен олуттуу материалдык зыян келтирилген.

Тергөөнүн жүрүшүндө шектүү Ж.Ж. 2021-жылдын 30-майында Кара-Суу РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген болчу.

2021-жылдын 31-май күнү баш коргоо чарасы каралып, Ош шаардык соту тарабынан үй камагына чыгарылган. Ал эми 33-жаштагы А.С. 2021-жылдын 31-май күнү Ош шаарында кармалып, Кара-Суу РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Бул жарандын баш коргоо чарасы 2021-жылдын 1-июнь күнү каралмакчы. Учурда тергөө амалдары Ош ОИИБдин Тергөө кызматы тарабынан жүргүзүлүүдө.

Кылмышка шектүүлөрдүн бири Араван районунун айылдарынын биринде жергиликтүү кеңештин депутаты экендиги жана мурда укук коргоо органында иштеп кеткендиги белгилүү болду.

Пикир

Оставить комментарий