• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Байге фонду 1 млн сом. Кыргызстанда республикалык айтыш өтөт

Маданият 0

Бишкек, 01.06.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстанда "Айтыш" коомдук фондунун 20 жылдыгына, Эстебес Турсуналиевдин 90 жылдыгына арналган республикалык айтыш өтөт.

"Айтыш" коомдук фондунан билдиришкендей, айтыштын тандоо туру 19-июнда саат 10:00дө КТРКнын залында башталат.

Ал эми айтыш 20-июнда саат 18:00дө Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтөт. Байге фонду 1 миллион сом.

Пикир

Оставить комментарий