• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

Самбо боюнча дүйнө чемпионаты: Биринчи күнү кыргыз спортчулары 5 медаль жеңди

Спорт 0

Бишкек, 16.08.24. /Кабар/. Чолпон-Ата шаарындагы Газпром спорт комплексинде өтүп жаткан самбо боюнча Дүйнө кубогунун биринчи күнү жыйынтыкталды.

Дене тарбия жана спорт департаментинин маалыматына ылайык, мелдештин биринчи күнү Кыргызстандын улуттук курама командасы жалпы 5 медаль (1 күмүш, 4 коло) жеңишти.

64 кг чейинки салмакта Саяк Бараканов күжүрмөн самбо боюнча 2-орунду ээледи.

Спорттук самбо боюнча 88 кг чейинки салмакта Жамалбек Асылбек уулу жана Фарух Мамаджанов, +98 кг чейинки салмак категориясында Бекболот Токтогонов коло медалга ээ болушту.

Кыз-келиндер арасында 54 кг чейинки салмакта спорттук самбо боюнча Акак Үсөн кызы 3-орунду ээледи.

Бүгүн, 16-август күнү спорттук самбо боюнча эркектер арасында 64, 79, 98 кг чейинки салмакта, күжүрмөн самбо боюнча 58, 71, 88, +98 кг чейинки салмак категориясында спортчулар килемге чыгат.

Кыз-келиндер арасында спорттук самбо боюнча 50 жана 80 кг чейинки салмакта, күжүрмөн самбо боюнча 54, 59, 65, 72, 80 кг чейинки салмакта беттештер өтөт.

Спорттук самбо (эркектер арасында):

- 64 кг Бексултан Бердибеков, Адилет Кубаныч уулу;

- 79 кг Айдос Алиев, Байэл Жакшылыков;

98 кг Артур Сансызбеков, Шахрёр Идирисов;

Күжүрмөн самбо (эркектер арасында):

- 58 кг Даниэл Асеков, Мурзабек Үсөн уулу;

- 71 кг Курманбек Замирбек уулу, Шерзат Кудайбердиев;

- 88 кг Бектен Эркебай уулу, Бектур Идирисов;

- +98 кг Талас Нуралиев, Эмилбек Расулов;

Спорттук самбо (кыз-келиндер арасында);

- 50 кг Айзада Жаналиева, Канышай Аманкулова;

Күжүрмөн самбо (кыз-келиндер арасында):

- 54 кг Акак Үсөн кызы, Аяна Рыскулбекова;

- 59 кг Бегимай Акбалаева;

- 72 кг Мээримай Нурадиллва.

Эске салсак, курама команда башкы машыктыруучу Азамат Казакбаев жана улук машыктыруучу Ильгиз Каналбек уулунун жетекчилиги алдында мелдешке катышууда.

Пикир

Оставить комментарий