Самбочулар Канышай Аманкулова, Элла Мусаева КМШ оюндарында коло жеңди

Спорт 0

Бишкек, 07.09.21. /Кабар/. Самбо боюнча Кыргызстандын курама комадасынын мүчөлөрү Канышай Аманкулова жана Элла Мусаева Казань шаарында өтүп жаткан КМШ оюндарыда коло байгенин ээлери болушту. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча агенттигинен билдиришти.

Канышай Аманкулова 50 кг салмак категорияда күрөштү. Ал жарым финалда молдовалык балбан кызды утуп, коло байгенин ээси болду.

Элла Мусаева 80 кг жогорку салмактагылар арасында күч сынашты. Биринчи беттешинде өзбекстандык балбанга утулуп, ал эми жарым финалда молдовалык атаандашы жаракат алып чыкпай калгандыгына байланыштуу автоматтык түрдө 3-орунга илинди.

Самбо боюнча кыздар курама командасы машыктыруучусу Анара Жумалиеванын жетекчилиги алдында чыгышты.

Пикир

Оставить комментарий