• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

“Санарип аймак” системасын ишке ашыруу. Бишкек мэри бир катар тапшырмаларды берди

Коом 0

Бишкек, 17.10.23. /Кабар/. Бишкек мэри Эмилбек Абдыкадыровдун төрагалыгы алдында “Санарип аймак” системасын ишке ашыруу боюнча пландык жыйын өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жыйында калаа башчысы мурда тапшырылган маселелер боюнча аткарылган иштердин жыйынтыгы тууралуу маалыматты укту.

Калаа башчысы “Санарип аймак” автоматташтырылган маалымат системасына каттоону уюштуруу боюнча чукул чараларды көрүү зарылдыгын айтып, аны тез арада ишке ашырууну тапшырды.

Жыйындын жыйынтыгында төмөнкүлөргө тапшырма берилди:

Бишкек шаарынын райондорунун муниципалдык администрацияларына:

- муниципалдык аймактык башкармалыктар жарандарды “Санарип аймак” тутумуна каттоо боюнча ишти тез арада күчөтүсүү;

- «Санарип аймак» тутумунда жарандарды каттоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча жума сайын маалымат берип туруу;

2023-жылдын 20-октябрына чейин Бишкек шаарынын калкты тейлөө борборлору Бишкек шаарында катталган жарандардын саны жөнүндө маалымат бериши керек.

Шаардык ички иштер башкармалыгы колдо болгон маалыматка ылайык, Бишкек шаарында каттоодо турган жарандар боюнча маалыматтарды берет.

Бишкек шаарынын мэринин орун басарлары (Шамыралиев, Орунтаев, Мозгачева, Сазыкулов) жетектеген багытка ылайык, менчигинин түрүнө карабастан уюмдар менен биргелешип иш алып барып, кызматкерлерди жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн мамлекеттик каттоодон өткөрүү маселесин тез арада иштеп чыгуусу, «Санарип Аймак» системасына жакынкы күндөрү, дем алыш күндөрү, толук каттоосу зарыл.

Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Азиз Садырбековго:

- уюлдук операторлор аркылуу жарандарга СМС билдирүүлөрдү жөнөтүү менен “Санарип Аймак” системасына каттоо зарылдыгы жөнүндө маселени иштеп чыгуу.
- “Санарип аймак” системасында жарандарды каттоо боюнча иштерге жума сайын талдоо жүргүзүү жана жетекчиликтин кароосуна маалыматтарды берүү.

Райондордун муниципалдык администрацияларынын башчыларынын, муниципалдык аймактык башкармалыктардын башчыларынын «Санарип аймак» тутумунда жарандарды каттоо боюнча тапшырмаларды аткаруу үчүн жеке жоопкерчилиги белгиленсин.

Райондук администрациялардын 2023-жылдын 9-октябрына карата маалыматы боюнча, «Санарип аймак» маалымат системасында Бишкек шаары боюнча 792 479 (76,41%) жаран жана 259 392 (98,64%) үй-бүлө катталган.

Анын ичинде (иш жүзүндөгү натыйжалар):

- Биринчи май району 136300 (61,73%) жаран, 58468 (93,21%) кожолук;
- Свердлов району 213919 (79,18%) жаран, 55788 (96,12%) кожолук;
- Ленин району 199978 (77,47%) жаран, 71716 (106,32%) кожолук;
- Октябрь районунда 242282 (80,46%) жаран, 73420 (90,74%) кожолук.

Ошондой эле, Бишкек шаарынын административдик райондорунун башчыларына төмөнкүлөр тапшырылды:

- бир айлык мөөнөттө «Мамлекеттик камсыздандыруу уюму» ААКнын өкүлдөрү менен биргеликте администрациялык райондордун кварталдык жана үй комитеттеринин активдери, эмгек жамааттары менен жолугушуулардын графигин бекитүүгө жана жолугушууларды уюштурууга;

- бир жумалык мөөнөттө Бишкек шаарынын мэриясына жарандардын турак жайларын өрттөн жана табигый кырсыктардан камсыздандыруунун үч жылдык календардык планын (графигин) иштеп чыгуу боюнча сунуштарды киргизүү;

- Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун өкүлдөрү менен биргеликте турак жайларды өрттөн жана табигый кырсыктардан камсыздандыруу жөнүндө калкты маалымдоо боюнча иштерди туруктуу негизде жүргүзүү милдеттендирилди.

Пикир

Оставить комментарий