• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Бишкек мэриясы Дордой базарына жаңы автобус каттамын уюштурууну пландоодо

Коом 0

Бишкек, 17.10.23. /Кабар/. Бишкек мэриясы Дордой базарына жаңы автобус каттамын уюштурууну пландоодо.

Муниципалитеттен билдиришкендей, Транспорт департаментинин директорунун орун басары Алмаз Алымбеков жол инфратүзүмүн баалоо жана коомдук транспортту ишке киргизүүгө даярдык көрүү максатында комиссия өкүлдөрү менен биргеликте Дордой базарына барды.

Комиссия коомдук транспорттун ийгиликтүү иштеши үчүн жол инфратүзүмүн оптималдаштыруу максатында базардын аймагына деталдуу талдоо жүргүздү.

Белгиленгендей, жыйынтыгында ички жолдорду кеңейтүү, ошондой эле жол жээгинде кыймылды олуттуу чектеген жана транспорт каражаттарынын кыймылын кыйындаткан унаа токтотуучу жайларды алып салуу, милдеттүү жол белгилерин орнотуу жана бардык уруксатсыз азык-түлүк сатылган соода түйүндөрүн жоюу сыяктуу маанилүү милдеттер белгиленди.

Пикир

Оставить комментарий