• 87
  • 90.41
  • 0.84

Сания Шакирова кабылган жол кырсыгы: Шектүү 5 ирэт өз көрсөтмөсүн өзгөрткөн

Укук тартиби 0

Бишкек, 13.08.18. /Кабар/. Дүйнө сулуусу Сания Шакирова каза болгон жол кырсыгы боюнча шектелген адам өз көрсөтмөсүн 5 ирэт өзгөрткөн. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында жабыркаган тараптын жактоочусу Рустам Абдурауфов билдирди.

Анын айтымында, иштин материалдары менен таанышып чыккандан соң, көптөгөн суроолор жаралган.

“Шектүү Чыңгыз Кондурбаев 5 ирэт өз көрсөтмөсүн өзгөрткөн. Ал алгач ичкен эместигин айткан, кийин жаракатын дарылоо үчүн таксинин айдоочусунан арак сурагандыгын айтып, ал болсо аны зордоп ичирип салгандыгын билдирген. Бирок экспертизанын жыйынтыгы анын мас абалында болгондугун көрсөткөн. Дагы бир айта кетүүчү факты – бул анын кырсык болгон жерден качып кеткендиги. Бул атайылап жасалган аракет болот. Ал Ысык-Көл облусундагы медицина тиешелүү деңгээлде жакшы эместигин билдирип, досу аны 4-шаардык ооруканага алып кеткендигин айткан. Маркумдун бетиндеги дээрлик бардык сөөктөрү сынган. Айдоочу мусулмандардын мүрзөсүн сүзгөн”, - деп билдирди юрист.

Жактоочунун айтуусуна караганда, алгачкы маалыматтар боюнча дарыгерлер Чыңгыз Кондурбаевдин акыреги жабыркагандыгын айтышып, 3 күндөн кийин ал козголгон кылмыш ишинин алкагында керектүү болгон жараяндан өтө ала тургандыктарын билдиришкен. Кийин анын абалы ага мүмкүндүк бербей тургандыгын билдирген медициналык тыянак чыккан.

“Шектүүгө 2016-жылы “Бейбаштык” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Анда бир топ адамдын катышуусундагы кандайдыр бир чыр болгон. Бирок тараптар элдешкенден кийин иш жабылган. Ал 2012-жылда эле айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылган. Ал жол кырсыгына кабылып, анын кесепетинен бир кыз каза болгондугу тууралуу кептер айтылууда”, - деп билдирди Абдурауфов.

Эске сала кетсек, Шакирова каза болгон жол кырсыгы 2-июнда Ысык -Көлдө болгон. Таксинин айдоочусу батышты көздөй бара жатып, башкаруусун жоготуп, тосмону сүзгөн. Унаада эки адам болгон. Сания Шакирова алган жаракаттарынан улам окуя болгон жерден каза болгон, жүргүнчү жана айдоочу жаракат алышкан. Көп өтпөй рулда отурган адам Сания Шакированын болочоктогу жолдошу 31 жаштагы Ч.К. экендиги белгилүү болгон. Ал мас абалында болгондугу айтылган.

Пикир

Оставить комментарий