• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Бишкекте милиция темир устанын жабдыктарын уурдап кеткен адамды кармады

Укук тартиби 0

Бишкек, 29.03.21. /Кабар/. Бишкекте милиция темир устанын жабдыктарын уурдап кеткен адамды кармады. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, күн мурун, 28-мартта болжол менен саат 03:00 чамасында Бишкек шаардык милициясынын "102" кызматына шаардагы Достук көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринен темир устанын жабдыктарын уурдап кетишти деген маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке келген кайгуул кызматкерлерине 1979-жылы туулган Д.З. аттуу айым арыз менен кайрылган. Анда ошол эле даректен белгисиз жаран арыз ээсинин үйүнүн жер төлөсүнөн темир устачылыкка керектүү жабдыктарын уурдап кеткендигин айткан.

Чакыруу менен келген милициянын кайгуул кызматкерлери ыкчам кармоо иш-чараларын жүргүзүп, кылмышка шектүү катары 1987-жылы туулган О. А. аттуу жаранды кармап, Биринчи май райондук ИИБнын Тергөө кызматына өткөрүшүп беришкен.

Аталган факт Биринчи май райондук милициясы тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Пикир

Оставить комментарий